“Ден соолук кербени” Ысык-Көл облусунун 6140 тургунун текшерди, анын 406сы жаш балдар. Мындай маалыматты 10-июлда уюштуруучулар тобунан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 26-июндан 7-июлга чейин Улуттук госпиталдын, Улуттук кардиология жана терапия борборунун, Эне жана баланы коргоо борборунун жана Чүй облустук ооруканасынын дарыгерлери “Ден соолук кербени” акциясынын алкагында 10 айыл өкмөтүнүн жашоочуларын текшерүүдөн өткөрүштү. Дарыгерлер ар бир кайрылган адамдын ден соолугун кылдаттык менен текшерип, оорусу барларга амбулатордук дарылануу жана сунуштама жазып беришти.