Токтогул Туманов: "Акыркы 5 жылда Административдик кодекс 50 пайызга жаңыланды"

Кыргыз мамлекетинде акыркы 5 жылда Жазык-процесстик кодекси, Административдик кодекс жана Жарандык кодекс 50 пайызга жаңыланып, мыйзам долбоорлору парламенттин колдоосуна ээ болду. Муну депутат Токтогул Тумановго шилтеме берүү менен 13-июлда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

“Бул мыйзам долбоорлору 2 жыл ичинде иштелип чыкты. Сот тутумундагы жаңы системдин иштеп кетиши үчүн өткөн жылы Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитет өкмөткө сот тутумун өнүктүрүү боюнча программа иштеп чыгууну тапшырган. Өкмөт тарабынан иштелип чыккан 2014-2017-жылдарга карата программа сот тутумун өнүктүрүүгө багытталган. Эми сот органдары жана өкмөт аталган программаны ишке ашырышы керек”,- дейт депутат.

Тумановдун айтымында, булардан сырткары негизги мыйзамдар боюнча программа иштелип чыгууда. Программанын максаты - кабыл алынган мыйзамдардын иштеп кетүүсүн камсыздоо. Программанын кабыл алынышы менен жаңы кодекстер толугу менен ишке ашырылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан