Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 12-июлда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Жээнбеков кыргыз тараптын кызматташууну алдыга жылдыруу жана тажрыйба бөлүшүү үчүн парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. “Кыргыз мамлекетинде парламенттик демократияны өнүктүрүүнүн эл аралык тажрыйбасы дыкат иликтенип жатат. Бул өңүттөн алганда Индия 1949-жылдан тарта парламенттик демократияны куруп, ийгиликтүү өнүктүрүүдө. Бизде бул жол 2010-жылы башталды. Эксперттердин пикиринде, биз тандалып алынган жолдо ишенимдүү бара жатабыз”,- дейт спикер.
Тараптар быйылкы жылдын күз айларында парламенттик шайлоону өткөрүү, парламенттик демократияны бекемдөө, мамлекеттик маселелерди чечүүдө саясий партиялардын жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери боюнча пикир алышты.
Нарендра Моди Жогорку Кеңештин төрагасынын түз аба, темир жол, автомобиль жолдорун куруу менен эки өлкө ортосундагы транспорттук ички түзүмдү өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндөгү көз карашын колдоого алды. “Мындай чаралар кыргыз өлкөсү менен Индиянын экономикалык байланыштарын жандандырууга алып келет. Аймактагы республикалардын ичинде Кыргыз Республикасы артыкчылыктуу өлкө болуп саналат”,- деген Индия премьер-министри эки өлкө ортосунда бекем маданий байланыш бар экенин белгиледи.