Аксыда "сибирь жарасы жуккан" деп күмөндөлгөн бейтаптардан сибирь жарасы оорусуна анализ алынып, аныктоого жиберилди

Аксы районундагы "сибирь жарасы жуккан" деп күмөндөлгөн 8 бейтаптан сибирь жарасы оорусуна анализ алынып, Жалал-Абад облустук жана Бишкек шаарындагы Республикалык ветеринардык лабораторияга тастыктоого жөнөтүлдү. Ошондой эле жылкынын жана уйдун этинен да үлгүлөр алынып, лабораторияга жиберилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 13-июлда билдирди.  

Айта кетсек, 8-июлда райондогу Ак-Суу айыл аймагынан 8 адам (Жаңы-Талап айылынан 5 адам, Коргон-Төбө айылынан 1 адам, Ак-Төбө айылынан 1 адам жана Ак-Сай айылынан 1 адам) сибирь жарасы оорусуна күмөндөлүп райондук ооруканага жаткырылган. Бейтаптар Д.Айталиев жана Н.Төрөбаев аттуу жарандардын ылаңдаган 1 баш жылкы жана 1 баш уюн союп, элге тараткан эттен жеп алышкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан