"Ала-Тоо" аянтында өткөрүлмөкчү болгон ооз ачар аземине тыюу салынды

Бишкек мэриясы "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлө турган ооз ачарлык аземге тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, мындан бир нече күн мурун кээ бир массалык маалымат каражаттарында "Ала-Тоо" аянтында 100 адамга ооз ачарлык азем өткөрүлөт" деп жарыяланган. Иш-чараны өткөрүү 15-июлга белгиленип, анын жүрүшүндө активисттер орозо кармагандарга бешбармак беришмек. 

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык, шаарда бузулуп кеткен тамактан уулануу былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 128 пайызга өскөн. Мындан улам мекеме атайын шарты жок жерде тамактанбоону сунуш кылат.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо жана колдонуу” жөнүндөгү мыйзамына ылайык, "Ала-Тоо" аянтында буга окшогон иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
AIZAD
2015-07-13 12:38:23
Колдойм! Обу жоктуктун эмне кереги бар? Активистер жакырларга берсин! Бере турган тамак ашын .
+18
novayariga
2015-07-13 12:49:00
Шайлоонун чачырандылары
+5
Izdeim_seni.
2015-07-13 12:55:30
Оорудан кыйналып акча таппай жаткан жарандарга беришсе акчаларын байлар чон сооп болмок,а бул жерде эмне ,жуз адам тамак жеп кетет болду,аянтты анан дворниктер эле тазалап бутбой калышат,чачып кетишкен мусорлордон.
+5
bolotbai
2015-07-13 13:12:38
Оюна эмне келсе жасай беришеби,активист болсо эмне экен.Ошондой эле кыйын болсо шаарда кафе ресторан дегендер жайнайт го,ошол жерге барып ооз ачтырышсын барып ооз ачып келебиз.Анан Ала тол аянтына кагтип болсун ооз ачтырган.
+6
Gema
2015-07-13 13:36:30
Туура...жардам беришсин элге жарыялабай эле .
+4
beben
2015-07-13 14:27:29
Бири театрда туулган кун откорсо экинчиси аянтта ооз ачырам дейт тообо
+7
Koshaly
2015-07-13 14:43:04
бири стадиондо кыз узатту тойун откорот ) негизи тамакты Кафелерден Ашканалардан жейт
+7
bakaiBBBB
2015-07-13 15:10:22
Акчалары коп болуп сооп издеп жатсанар копуро салгыла, бизде толтура копурого муктаж жерлер
+2
asi89
2015-07-13 15:50:25
Медиреселерге берсе жакшы болмок же аскерлерге
+2
raku
2015-07-13 15:58:45
super.kgга рахмат, "ооз ачар аземи" деген сөздү колдонгонуна, арабча "ифтар" дебей!
+1
semakg
2015-07-13 16:19:51
Туура кылат менда ойлопмун 10мин 20мин адамга кылат окшойт деп. 100-200адам топтолуп каалаган нерсесин кыла береби? Анда менда туулган кун откорот окшойм аянтта.
+1
ZANIA-92
2015-07-13 16:52:08
Калп эле орозомун деп кочодо баражаткан адамдардын баары тамактарын жеп кетип калмак же ошол активистер биргана оздорунун тааныш билиштерин, тууган уруктарын чакырып алышмак.
+1
Bors
2015-07-13 17:05:29
Талаада деле тамак жасап жейбизго санитары жок эле, площадка чоон казандарды коюп плов басып ооз ачтырса болот эле канча миндеген адам келип ооз ачып кетишсе канча сооп болмок. Как будьто биздин площадь кооз соонун айылдан айырмасы жок жердин эмнесин аяйт. Астанадай болсо бир жон.
-5
asi89
2015-07-13 22:09:17
Bors,айыл болобу башка болобу Кыргызстан баарыбыздын туулган жерибиз жакшы эле площадь сооп кылам десен биринчи шугур кылышты уйрон
0
Bors
2015-07-14 05:28:26
asi89, Бизде площадта митинг суйуу майрамы 9 Майда ветерандарга пойок унчукпай эле уйуштурушатко. Алланын ыйык кунундо бир кун берип койсо болмок, ичип жегенден киин мусор калтырбай тазалап кеткиле десе тазалап кетишмек.
0
kubat_1973
2015-07-14 18:04:52
Бизде эле ар ким каалаганын кыла берсе болот баары бутуп эми ошол эле ооз ачырмай калды аянтка. Эртен эми дагы бир активисттер базарда мал отпой калды деп аянтты мал базары кылалы.Тушоо кесели куда тосуп куда узаталы Боз уй тигип алып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан