Индия Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине медициналык жабдыктарды берди

Индия Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине аскердик-техникалык жардамдардын чегинде 260 300 долларлык медициналык жабдыктарды берди. Мындай маалыматты бүгүн, 13-июлда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалым болгондой, алынган жабдыктардын ичине уретроцистоскоп, актоклав, кардиопульмомонитор, биохимиялык анализатор, УЗИ-аппараты, медициналык шкафтар, комплектиси менен лапароскопиялык стеллаждар, көп функционалдуу керебеттер жана башкалар кирген 24 буюмду камтыйт.

Аталган жабдыктар 2-деңгээлдеги аскер-талаа госпиталын жабдуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун мандаты боюнча тынчтык миссияларына катышуу үчүн арналган.

2-деңгээлде жабдылган аскер-талаа госпиталы жабырлануучуларга реанимациялык жана стабилдүү жардам көрсөтөт, хирургиялык операция жасайт, тишин дарылайт, жарадарларды ташыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан