Мэрия. Ош шаарында коммуналдык кызматтарга болгон карыз сынга алынды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарынын мэриясында кеңейтилген аппараттык жыйын өттү. Анда коммуналдык кызматтарга болгон дебитордук карыздардын абалы талкууга алынды мэриянын маалымат кызматы билдирди. Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев жалпы дебитордук карыз 28 пайызга көбөйгөндүгүн билдирди. 

Мэрдин айтымында, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам коммуналдык кызматтардан пайдалануучулардын карызы көбөйүп кеткен.

“Былтыр газ жок, электр энергиясы тартыш болуп турган учурда "свет өчпөсө экен, канча болсо деле төлөйт элек" дегендер чыгышкан. Азыр баары бар: электр энергиясы, көгүлтүр от, таза суу токтоосуз берилип жатат. Бирок анын пайдаланганы үчүн чогултулган акча натыйжасыз",- деди Кадырбаев. 

Жыйында “Газпром Кыргызстан” ишканасынын Оштогу филиалына дебитордук карыз жалпысынан 78 миллион 783,7 миң сом, "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген ишканасы боюнча 53 миллион 494,6 миң сом, "Ош шаардык суу-канал" муниципалдык ишканасы боюнча 29 миллион 652 миң сом, Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемеси боюнча 177 миллион 516,5 миң сом дебитордук карыз бар. Ал эми “Жылуулук камсыздоо” ишканасы 27 миллион 76 миң сом карыз.

"Аты аталган ишканалардын жетекчилери продукцияларын товар катары көрүшпөгөндүктөн, өз ишине болгон жоопкерчиликсиз мамиледен улам ушундай болуп жатат. Эгер жумушка мындай мамиле кыла турган болсо, өз ыктыяры менен жумушун иштей ала турганына өткөрүп беришсин”,- деди А.Кадырбаев.

Аппараттык кеңешменин жыйынтыгында дебитордук карыздарды кыскартуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштерди координациялоо боюнча штаб түзүү тапшырмасы берилди.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан