Асылбек Жээнбеков Сауд Арабия Падышалыгынын элчиси Абдурахман бин Саид аль-Жума менен сүйлөшүү жүргүздү

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 13-июлда Сауд Арабия Падышалыгынын кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Абдурахман бин Саид аль-Жуманы кабыл алды. Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө оң баасын берген төрага эки жактуу алакалардын бекемделишин шарттаган президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын декабрындагы Сауд Арабияга болгон расмий иш сапары менен 2013-жылдын сентябрындагы Сауд Арабиянын Аш-Шура Мажилисинин спикери Абдулла ибн-Мухаммед аль-Аш-Шейхтин Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын ордун баса белгиледи. “Мындай диалогдун ийгиликтүү улантылышы үчүн биз сиздер менен болгон ишибизди жандандырышыбыз зарыл. Биздин бирдиктүү ишмердүүлүгүбүздүн натыйжалуулугунун критерийи реалдуу жетишкендиктер болушу абзел”,- дейт төрага Жээнбеков.

Өз кезегинде элчи Кыргыз Республикасы менен мындан ары дагы активдүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, төрагага кыргыз өлкөсүнүн парламенти бир катар маанилүү макулдашууларды ратификациялагандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан