Орусиянын президенти Владимир Путин 13-июлда Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусун камсыздаган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды. Документти Орусиянын Мамлекеттик Думасы 1-июлда, ал эми Федерация кеңеши 8-июлда кабыл алган.
Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулуу боюнча бардык ички процедураларды 22-майда аяктаган.
ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттердин парламенттери келишимди жана бир катар протоколдорду ратификациялап, аларга президенттери кол койгондон кийин Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук кандуу мүчө болот. Маалыматка таянсак, өлкөнүн ЕАЭБге кошулуу процессинде уюмга мүчө башка мамлекеттер тарабынан жасалчу документ иштери толук бүтө элек.