ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге баруу үчүн кыргыз өлкөсүнүн жарандарына кандай документтер керек?

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, ЕАЭБге мүчө болгон өлкөлөргө баруу тартиби өзгөрүлбөйт. Мурдагыдай эле кыргыз жарандарынын чет өлкөгө чыгуусу үчүн, эл аралык келишимдерге ылайык, паспорт же болбосо Кыргыз Республикасынын сыртында жарандын өздүгүн аныктоочу башка документ талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамына ылайык, кыргыз өлкөсүнөн чыгуу жана кайра кирүү укугун берүүчү, ошондой эле чет өлкөдө жүрүү учурунда Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүн тактоочу документтер төмөнкүлөр:
Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
- дипломаттык паспорт;
- кызматтык паспорт;
- кайтып келүү үчүн күбөлүк.

Орусияга жогоруда аталган документтерден тышкары өлкө жарандары Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тийиштүүлүгүн көрсөткөн (тиркелген маалымдама сүрөтү менен) туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн) менен чыга алышат. 

Казакстанга баруу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) жана 16 жашка чейинки балдар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгы көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркелген маалымдама (сүрөтү менен) керек.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамынын 40-беренесине ылайык, 18 жашка чейинкилер нотариус тарабынан тастыкталган мыйзамдуу өкүлдөрдүн макулдугу менен Кыргыз Республикасынан чыга алышат. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу жок болсо, жашы жете элек балдардын чыгуусуна соттун чечими менен уруксат берилиши мүмкүн.

14 жаштан 18 жашка чейинки балдардын Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө туруктуу жашоо үчүн чыгуусу алардын нотариус тастыктаган жазуу түрүндөгү макулдугунун болушу менен гана жүргүзүлөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан