Өкмөт башчы Ысык-Көлдө жигиттин өлүмүнө жеткирген мушташты көзөмөлгө алууну буюрду

Премьер-министр Темир Сариев ИИМге Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылында болгон мушташты көзөмөлгө алып, тергөө жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары Т.Сариев өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевге окуя орун алган жерге барып, жаңжалдын себептердин аныктоону буюрду.
Айта кетсек, бүгүн, 13-августта Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылындагы "Керемет суу" эс алуучу жайында жергиликтүү тургундар менен аталган жайдын ээсинин ортосунда мушташ чыккан. Жыйынтыгында бир адам каза тапкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жергиликтүү айылдын тургундары "Керемет суудагы" ысык булактарга түшүүгө келишкен. Бирок күзөтчүлөр аларды киргизбей коюшканда тургундар кийим чечүүчү жайды өрттөөгө аракет кылышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан