ЕАЭБдин чек араларында товарлардын санитардык абалы 3 учурда текшерилет

Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн чек араларда Санитардык көзөмөл кызматы иштеп, адамдар, товарлар жана автоунаалар текшерүүгө алынат. Экономика министрлигинин билдиришинче, ЕАЭБдин чек араларына келген товарлар төмөнкү эпидемиологиялык көрсөтмөлөр боюнча кароого алынат:
1. Товардын бирдиктүү санитардык талаптарга жооп бербестиги тууралуу маалымат түшкөндө.
2. Товардын тийиштүү транспорттук жана коммерциялык документтери жайында эместиги тууралуу маалымат түшкөндө.
3. Товарды ташып жеткирүү талаптары бузулганда (контейнерлер жабыркаса, таңгактар бузулса жана башка). 
Уюмга мүчө мамлекеттердин бири тарабынан товардын коопсуздугун тастыктаган документтер башка өлкөлөрдүн тийиштүү органдары тарабынан кайра жазып каттоосуз таанылат. Мындан тышкары товарларды кайрадан лабораториялык текшерүүдөн өткөрүүгө зарылчылык болбой турганы айтылды. 
 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан