Баткен облусун туруктуу өнүктүрүү стратегиясы талкууланды

Баткен шаарында 13-август күнү жергиликтүү коомчулуктун катышуусунда аймакты туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегия талкууга алынды. Эл аралык "Жакырчылык жана айлана-чөйрө" аталышындагы долбоордун алкагында өткөрүлгөн иш-чара Экономика министрлиги менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан өткөрүлдү. Бул тууралуу 14-августта Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жарандык коом, жергиликтүү бийлик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышкан жыйында облустагы айыл аймактардын, райондордун өнүгүүсүнүн стратегиясын, долбоорду толуктоо жана кийинки кадамдарды аныктоо боюнча пикирлерин билдиришти. 
Жыйын Кыргыз Республикасын 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын негизинде аймактарды өнүктүрүү программасы боюнча өткөрүлүүдө. "Жакырчылык жана айлана-чөйрө" аттуу Эл аралык долбоор экономикалык процесстерге таасирин тийгизүү менен өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө салым кошот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан