Өкмөт тарабынан мамлекеттик органдардын жетекчилик штаттарынын көбөйүшүнө мораторий жарыялоо боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу премьер-министр
Темир Сариев 21-августта өкмөт жыйынында билдирди.
"Дүйнөдө уланып жаткан экономикалык кризис жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдан улам мамлекеттик органдардын бардык муктаждыктарын толугу менен канааттандыруу кыйынчылык туудурат. Ошондуктан мамлекеттик органдар бюджетте каралган каражатты рационалдуу пайдалануусу зарыл",- деди өкмөт башчы.
Ошондой эле өкмөттүн кийинки түзүмүн аныктоодо айрым органдарды кыскартуу сунушун карап көрүүнү сунуштады.