Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 24-августта Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Робин Орд-Смитти кабыл алды. Жолугушуу элчинин дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу болгонун Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.
Төрага Улуу Британиянын мурдагы элчиси Ж.Фарнворт айымдын ийгиликтүү иштегенин, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерге кошкон жеке салымын белгилеп, Улуу Британияга Кыргыз Республикасында парламенттик демократияны өнүктүрүү жаатында көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Төрага Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги аркылуу кыргыз өлкөсүнө натыйжалуу жана орчундуу жардамына канааттана турганын айтты. "Кыргыз Республикасы өз достору менен өнөктөштөрүнүн көрсөткөн колдоолорун жогору баалайт",- деди төрага.
Тараптар ички саясий кырдаал жана 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо маселелерин талкууга алышты. А.Жээнбеков кыргыз өлкөсү эркиндикти сүйгөн өз эли тандап алган парламенттик демократияны куруу боюнча кыйла ийгиликтерге жетишкенин белгиледи. Анын пикиринде, жаңы саясий систем өлкөнү өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүү, коррупциялык жосундардан тазалануу, мыйзам үстөмдүүлүгүн камсыз кылуу жарандык тармакты бекемдөө жаатында кеңири жол ачты.
Төрага таза шайлоону камсыз кылуудан башка жол жок экенин баса белгиледи. "Биз элге берген убадаларыбызды аткарып жатабыз. Натыйжалуу иштей албаган бийлик заманбап жол менен шайлоо аркылуу алмашыла турган жаңы саясий маданият калыптанууда",- деди ал.
Улуу Британиянын элчиси Кыргыз Республикасы шайлоо тутумун түзүү жаатында чоң иштерди жасаганын айтты. "Биз кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча жетишкен ийгиликтерине кубанабыз",- деп белгилеген Р.Орд-Смит шайлоого Улуу Британиянын байкоочулары да катыша турганын билдирди.
Элчи эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө даяр экенин айтты. Ал кыргыз-британ мамилелерин өнүктүрүү маселелери боюнча парламентчилердин өз алдынча тобу түзүлгөнү тууралуу айтты. "Улуу Британия кыргыз жерине өз максаттарына жетүү жаатында мындан ары да көмөктөшүүгө даяр. Улуу Британиянын өкмөтү менен парламенти Кыргыз Республикасынын парламенттик демократияны куруу жолундагы жетишкендиктерин жогору баалайт",- деди ал.
Элчи эки тараптуу товар жүгүртүү жана кыргыз жерине инвестиция тартуу көлөмүн арттыруу жагынан бардык аракетин жасай турганын кошумчалады.