Министр Эльвира Сариева парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 24-августта аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Министрдин шайлоого катышуудан баш тартуусуна анын билим берүү тармагында баштаган иштерди аягына чыгаруу керектиги себеп болгон. 
"Биздин партия мени колдоп, Жогорку Кеңешке талапкерлердин тизмесинин 16-катарына койгон. Бирок менин командам билим берүү тармагында жаңыдан гана иштеп баштап, биринчи системдик жыйынтык чыгарды. Мындай жыйынтыкты эч ким эч качан жасаган эмес. Мен ушинтип ойлогом, ушундай эле ойдо болом. Ушул башталган ишти мындан ары алып кетиш керек. Так ушул убакытта объективдүүлүк өтө керек. Окуу жылынын башталышында жана жогорку окуу жайлардагы, ошондой эле окуу сферасындагы өзгөрүүлөрдүн негизинде саясий чечим кабыл алынды, бул ишти аягына чыгарам" деп айтты",- деди маалымат кызматынын өкүлү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан