Темир Сариев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору Марат Калиевди кабыл алды

24-августта премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жаңы дайындалган директору Марат Калиевди кабыл алды. 

Өкмөттүн маалымат кызматы жолугушууда Темир Сариев Марат Калиевдин алдында ишке ашыруусу керек болгон бир катар милдеттер турганын билдиргенин кабарлады. Анын эң негизгиси катары Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте бул тармактагы кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, эне жана балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча аракет көрүү жана бул жааттагы мыйзамсыз акча чогултууларды жок кылып, иретке салуу турганын премьер-министр билдирди.

Өз кезегинде Марат Калиев премьер-министр таккан милдеттерди так аткарып, бул тармакта сапаттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу убадасын берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан