Билим берүү жана илим министрлиги: Бардык окуучуларга окшош форма кийгизүү аракети токтоду

"Өкмөт мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасынын (кочкул кызыл пиджак) эмес, мектеп формасынын жалпы стандарттарын бекитти",- деп билдирди бүгүн, 25-августта Билим берүү жана илим министрлиги. Буга байланыштуу мурунку билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун өлкөнүн бардык мектептеринде милдеттүү түрдө окшош формага өтүү тууралуу буйругу жокко чыгарылды. Бирок бирдиктүү мектеп формасы катары жактырылган кочкул кызыл пиджакты кийүүгө тыюу салынбайт, мектеп жетекчилиги жана ата-энелер жактырышса, аны кие берүүгө болот. Аталган форманы буга чейин сатып алгандар да окуу жылында мектепке кийип барышса болот. 
Эскерте кетсек, жакында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын мектеп жетекчилиги 10-сентябрга чейин ата-энелердин катышуусунда жыйналыш өткөрүп, кандай форма (фасону, түсү) ылайыктуу экенин тандап алышы керектигин айткан. "Кочкул кызыл пиджак менен форма стандартка ылайыктуу, бирок аны мектептин камкордук кеңеши жактыргандан кийин гана сатып алуу керек",- деп билдирген министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан