Жогорку Кеңештин депутаты Алмасбек Абытов 24-августта Жон Дипирро баштаган Эл аралык республикалык институттун өкүлдөрү менен жолугушту. Депутат делегация өкүлдөрүнө парламенттин Бюджет жана финансы комитеттин иши, республикалык бюджеттин кабыл алынышы тууралуу маалымат берди.
"Эл аралык республикалык институттун жана HDP делегациясынын өкүлдөрүн өлкө бюджетине өзгөртүү жана түзөтүү киргизүү процесстери, Бюджет жана финансы комитеттин кызматкерлерине окуу семинарларын өткөрүүнүн канчалык натыйжалуулугу, бюджеттик башкаруунун жагдайлары кызыктырды. Депутат Бюджеттик кодекстин долбоору жөнүндө да маалымат берди",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.