Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте шайлоочулардын тизмесин тактоо иштерин улантууда.
Мамкаттоо кызматынан 25-августта билдиришкендей, республикада дареги такталбаган 2579 жаран бар. Буларды тийиштүү шайлоо тилкелерине бөлүштүрүүгө мүмкүн эместиги айтылды. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, шайлоочу тизмеде жок экенин билсе, добуш берүү күнүнө 15 күн калганга чейин арыз менен тийиштүү шайлоо тилкесине кайрылышы керек. Ошондуктан өзүн тизмеден таппай жаткандар шайлоо тилкелерине кайрылуусун өтүнөбүз",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, өлкөдө парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт.