Бүгүн, 25-августта премьер-министр Темир Сариев Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун төрагасынын орун басары Ши Даганды кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.
Темир Сариев Кытай Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөшү экенин билдирип, эки өлкө кызматташтыгында Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун мааниси өзгөчө экенин айтты. “Синцзянь-Уйгур автономиялык району Кыргыз Республикасы үчүн Кытайга чыгуу жолу, дарбазасы. Бул аймак аркылуу соода жолдору курулган. Ошондуктан Кыргыз Республикасы кызматташтыкты дагы өнүктүрүүгө кызыкдар”,- деди ал.
Ошондой эле Ши Дагандан Кыргыз Республикасы менен Кытайдын чек арасындагы Торугарт жана Эркеч-Там бажы бекеттеринин иштөө мөөнөтүн узартып, 8 сааттан 12 саатка жеткирүү жана дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Ши Даган Синцзянь-Уйгур автономиялык району кыргыз өлкөсү менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытайдын чек арасындагы Торугарт жана Эркеч-Там бажы бекеттеринин иштөө мөөнөтүн узартууга макулдугун кошумчалады.