"Билим берүү тармагына биздин мамлекеттей бир да өлкө каражат бөлбөйт". Бул тууралуу бүгүн, 26-августта билим берүү тармагындагы кызматкерлердин Республикалык III съездинде өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын бюджетинин төрттөн бир бөлүгү билим берүүгө сарпталат.
«Акыркы 5 жылда билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат 12,5 миллиард сомдон 25,4 миллиард сомго көбөйдү. Бул бюджеттин 23,4 пайызын түзөт. Биз туура жолдо баратабыз деп ойлойм, анткени бизде мунай жана газ жок, биздин башкы байлыгыбыз - адамдар. Ошондуктан адамдык потенциалды өстүрүүгө жумшашыбыз керек. Айта кетсем, өлкөдө жашаган калктын 30 пайызын 17 жашка чейинкилер түзөт, аларга татыктуу билим берүүгө акча аябашыбыз кажет»,- деди Атамбаев.