Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Бишкекке келди

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Ламберто Занньер бүгүн, 26-августта Бишкекке келди. Маалыматка ылайык, башкы катчынын расмий иш сапары президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусунун негизинде уюштурулган. "Бул иш сапары ЕККУ менен Кыргыз Республикасынын азыркы жана келечектеги кызматташтыгын талкуулоого кеңири мүмкүнчүлүк берет",- деп билдирет аталган уюмдун кыргыз жериндеги өкүлчүлүгү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан