Алмазбек Атамбаев мугалимдерди турак жай менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү

Бүгүн, 26-августта билим берүү тармагындагы кызматкерлердин Республикалык III съездинде президент Алмазбек Атамбаев мугалимдерди турак жай менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү. Өлкө башчы өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, мугалимдерге үй алуу үчүн ипотекалар боюнча программаларды кароо керектигин айтты. Мындан тышкары Атамбаев мугалимдерге эс алуу жолдомолорун көбүрөөк берүү керектигин баса белгилеп өттү.
"Мугалимди унуткан мамлекет өзүнүн келечегин унуткан болот. Статистикага ылайык, мугалимдердин ден соолугу кесибине байланыштуу эң көп жабыркайт. Мындан улам жаңы түзүлчү Жогорку Кеңеш мугалимдердин эс алуусуна деп атайын фонддон каражат бөлүү сунушун колдойт деп ойлойм",- деди президент.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан