Мамлекеттик каттоо кызматы 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясына кошумча 71 345 шайлоочунун тизмесин берди. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта аталган мекемеден билдиришти. 15-августта мекеме БШКга биометрикалык маалыматтарын тапшырган шайлоочулардын тизмесинин биринчи топтомун берген, саны - 2 миллион 417 407. Экинчи топтом менен 33 182 шайлоочунун тизмеси берилгени кабарланган. Кечээ берилген тизмени кошкондо жалпы БШКга добуш берүүчү 2 миллион 521 934 жарандын тизмеси берилди.