Биометрикалык маалымат чогулткан жумушчулардын айлыгына 52 миллион сом жумшалды

Каржы министрлиги жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогулткан операторлордун айлыгына бюджеттен 52 миллион 472 000 сом бөлдү. Маалыматка таянсак, Бишкектин тургундарынан өздүк маалымат топтогон кызматкерлердин айлыгына 3 миллион 759 500 сом берилген. Калган аймактарда иштегендердин маянасына берилген акча: 
Ош шаарында 1 миллион 619 000 сом;
Ош облусунда 8 миллион 401 000 сом;
Нарын облусунда 4 миллион 463 000 сом;
Чүй облусунда 11 миллион 319 500 сом;
Ысык-Көл облусунда 9 миллион 373 000 сом;
Баткен облусунда 6 миллион 437 000 сом;
Талас облусунда 1 миллион 947 000 сом;
Жалал-Абад облусунда 5 миллион 152 500 сом. 
"Биометрикалык маалымат чогулткандардын бир суткалык эмгек акысы 250 сомдон айланды",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан