Алмазбек Атамбаев: “Көпчүлүк мугалимдердин жүрөгүндө жалын жок, мектепке түрмөгө баргансып мамиле жасашат

“Көпчүлүк мугалимдердин жүрөгүндө жалын жок, мектепке түрмөгө баргансып мамиле жасашат",- деди бүгүн, 26-августта билим берүү тармагындагы кызматкерлердин Республикалык III съездинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев.

Кээ бир мугалимдер мектепке түрмөгө баргансып мамиле жасашат. Андай эжейдин классына барган бала да, албетте, түрмөгө келип кеткенсийт. Мындай мугалимдер мектепте иштебей эле коюшса, алардан айрылсаңар, анткени алар балдардын келечегине балта чаап жатышат. Биринчи мугалимден окуучунун келечеги көз каранды, башкача айтканда, мамлекеттин эртеңи силердин колуңарда.

Эсимде, мен 3-классты аяктап, жайкы эс алууда ойноп жүрүп үйгө кирсем, биринчи мугалимим Мария Павловна Стрельникова апам менен чай ичип отуруптур. Мен ошондо абдан таң калгам, “мугалим да чай ичет экен” деп, анткени бала үчүн ал башкача бир адам”,- дейт президент.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан