Орусияда ЕАЭБдин 2015-жылдын жарымындагы жетишкендиктери талкууланды

Орусияда 25-августта Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн Каржы, Экономика министрликтеринин, Улуттук банктарынын жетекчилери жана Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. 
Жыйында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү планы, ички жана тышкы тобокелчиликтер, негизги тышкы экономикалык тенденциялар талкууланганы айтылды. КРнын Экономика министрлигинин билдиришинче, катышуучулар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валюта-каржылык тармактагы кызматташтыгын бекемдөө, 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата экономикалык саясаттын үзүрү, 2016-жылга пландар тууралуу да пикир алышышты. 
"Жыйынтыгында уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык тармакта кызматташтыгын улам талкуулап туруу, ЕАЭБдин каржы институттары менен алаканы арттыруу чечими кабыл алынды",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан