Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Бактыгүл Аманалиева 26-августта "Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү" долбоорунун эксперттери Радость Матерон, Жан-Бастиен Рисон жана Вероник Кадоре менен жолугушту.
Жолугушууда Жогорку Соттун алдындагы Судьялардын окуу борборунун институционалдык өнүгүүсү, түзүмү жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланганы айтылды.
"Аталган долбоордун максаттарынын бири - сотторду жана прокурорлорду даярдоочу окуу жайлардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга көмөктөшүү. Бул долбоордун алкагында 28-августта Башкы прокуратуранын, Адвокаттардын окуу борборлорунун жана Жогорку Соттун алдындагы Судьялардын окуу борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өтмөкчү",- деп айтылат маалыматта.