Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 27-августта парламенттик шайлоого карата түшүндүрмө жарыялады. Анда өлкөдөгү жана сырттагы мекендештерге шайлоого карата маалыматтык эскертүүлөр берилген.
"Участкалык шайлоо комиссиясы шайлоого 45 күн калганга чейин тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын тизмесин жарыялоого милдеттүү. Добуш берүү күнүнө 40 күн калганга чейин шайлоочунун тизмеде бар экенин билдирип, добуш берүүчүгө маалымат жиберилиши керек. Шайлоочу өзүнүн тизмеде жок экенин билсе, добуш берүү күнүнө 15 күн калганга чейин тийиштүү шайлоо комиссиясына керектүү документтердин көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен кайрылышы зарыл. Ыйгарым укуктуу орган шайлоочулардын тизмесин тактоонун бүтүшүнө 2 күн калганга чейин арыз ээсине катачылыкты түзөтүү менен жооп бериши кажет",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын шайлоо тилкесин алмаштыруу өтүнүчү да эске алынарын билдирет ТИМ.