Бүгүн, 27-августта мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев республикадагы жогорку окуу жайлардын мыкты 46 студентине Мактоо грамоталарын жана 50 миң сомдук президенттик стипендия тапшырды. Президенттик стипендиянын ээлери 200 миң студенттин арасынан тандалып алынган.
Өз сөзүндө өлкө башчы салтанаттын катышуучуларын билим алуудан чарчабоого жана талыкпай эмгектенүүгө чакырды.
«Билимди дайыма бардык нерседен бийик коюш керек. Хадистерде да «бир сааттык окууга бөлүнгөн убакыт бир түндүк сыйынууга тете» деп айтылган. Мындан улам раматылык апамдын мага «билектүү бирди жыгат, билимдүү миңди жыгат» деп айтканы эсиме келди. Ошондуктан билимдүү, күжүрмөн, адамгерчиликтүү болгула. Кыргыз жергесинин келечеги силердин колуңарда»,- деди президент.