Бүгүн, 27-августта Бишкекте Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсүнө байланышкан маселелер боюнча брифинг өтүп жатат. Ага тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышууда. Жыйында экономика министри Олег Панкратов кыргыз-казак бажы бекеттериндеги маселелерге токтолду.
“Кыргыз-казак бажы бекеттериндеги абалды бүгүн биз да көрүп жатабыз. Бажы бекеттери алынганы менен, айрым маселелер бар. Бул жерде мамлекетибиздин жарандарынын чек арадан өтүүдө кыйынчылыктарга кабылып жатышканы негизги көйгөй болууда. Биз бул маселелер боюнча Казакстан тарапка кайрылып, маселени чечүүсүн талап кылабыз”,- деди министр.