Президент
Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы
Жанар Акаев парламенттик шайлоого катышуу үчүн
кызматынан кетүүгө арыз жазды. Акаев бул тууралуу 27-августта
SUPER.KG порталына билдирди. Ал ушул жылдын
2-февралында өлкө башчынын буйругу менен кызматка дайындалган. Акаев күзүндө өтчү парламенттик шайлоого КСДП менен ат салышууда.