Бүгүн, 27-августта мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында республикадагы жогорку окуу жайлардын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев биометрикалык маалыматтар базасынын мааниси туурасында сөз кылды.
Мамлекет башчы мындай систем келе жаткан парламенттик шайлоодо добуштарды фальсификация кылганга жол бербестигин белгилеп: «Буга чейинки парламенттик шайлоодо кээ бир тилкелерде калктын 100дөн ашык пайызы келип добуш бергени белгилүү болгон. Бул бюллетендердин 50 пайызы ыргытылганынан кабар берет. Албетте, эл арасында мындай көрүнүш күмөн жараткан. Бирок кээ бирөөлөр дагы деле добуш берүү мурункудай систем менен өтүп, жыйынтыктарга ишенбөөчүлүк жаралуусун каалашат. Бул ирет шайлоодо добуш берүү такыр башкача болот. Анткени паспорт көрсөтүш керек, экинчиден, биометрикалык маалыматтарды тапшырышат жана башка нерселер менен коштолот»,- деди.
Өлкө башчы муну менен катар жарандарды шайлоого келип берүүгө чакырды.
"Көпчүлүгүбүз шайлоого паспорттун жоктугунан же жөн гана барбай коюшубуз мүмкүн. Бирөөлөр болсо аракка же акчага сатылып добуш беришет, аягында биз туура эмес парламент шайлап калышыбыз мүмкүн",- деди президент.