Ветеринардык көзөмөл 2016-жылдын 1-январына чейин алынбайт. Мындай чечим 21-августта
Москвада биринчи вице-премьер-министрлердин деңгээлинде өткөн Евразиялык
экономикалык кеңештин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов 27-августта билдирди. Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге кыргыз өлкөсү ветеринардык товардан башка бардык товарларды көзөмөлсүз эле өткөрө алат. "Бирок мурдагыдай катуу көзөмөл болбогону менен, веткөзөмөл сакталат. Анткени чек арадан зыяндуу заттарды өткөрбөө керек",- деди ал.