Жыл башынан бери жолдорду оңдоого бюджеттен 1,1 миллиард сом бөлүндү

2015-жылы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын оңдоого жана кароого республикалык бюджеттен 1 миллиард 913,4 миллион сом бөлүндү. Анын ичинен “имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча 1 миллиард 766,5 миллион сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 26-августта билдирди.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөдөгү автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоого жана кароого республикалык бюджеттен 1 миллиард 140,5 миллион сом, анын ичинен “имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча 1 миллиард 68,5 миллион сом бөлүндү.

Каржы министрлиги КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каражаттарды бөлөт, ал эми министрлик өз кезегинде бюджеттик каражаттарды объекттерге бөлүштүрөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан