Асел Кодуранова КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу КРнын Президентинин маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-августта Асел Кодуранованын берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.