Бахтияржан Фаттахов Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кызматынан бошотулду. Мындай маалыматты президенттин маалыматтык-саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Белгилүү болгондой, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-августта Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Бахтияржан Фаттаховду берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.