Өкмөттө 27-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, 26-августта Бишкек-Торугарт жолунда 7 адамдын өмүрүн алган
автокырсык талкууланды. Жол-кайгуул кызматынын башчысы
Сергей Дьяченко аталган трассанын 43-чакырымында Хонда Одиссейдин айдоочусу рулду башкара албай калып, каршылаш келе жаткан Лексусту сүзүп алганын айтты. Кырсыктан Лексустун айдоочусу менен жүргүнчүсү жаракат алып ооруканага жеткирлсе, Хонданын айдоочусу жана 6 жүргүнчүсү ошол жерден каза табышкан.
Жыйында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Транспорт жана коммуникация министрлигине республикалык маанидеги жолдорду ортосунан бетон тосмо менен бөлүү (Боом капчыгайындагы жолдун мисалында) сунушун өкмөткө киргизүү, жолдорго маалыматтык тактайларды орнотуу тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары жол-кайгуул кызматкерлеринин кайсы жерде жүргөнүн билүү үчүн аларга атайын жабдууларды тагуу (GPS – көзөмөл), кызматкерлерди керектүү атайын аппараттар менен камсыз кылуу маселеси талкууланганын билдиришти өкмөттөн. Каржы министрлигине аталган жабдууларды сатып алууга көмөктөшүү сунушу берилди.