"Башка өлкөлөргө барууда чек арадан түйшүк тартып, "өтүп кетели" деп жалдырап келгенбиз. Эми алар бизге жалдырашат" деди Алмазбек Атамбаев

"Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менин суранычымды эч качан артка кайтарган жок, канча каражат сурасак берип жатат. Бул аракетине рахмат айтам",- деди президент Алмазбек Атамбаев. Өлкө башчы бул тууралуу бүгүн, 28-августта жогорку чыңалуудагы электр линияларын туташтырган “Датка-Кемин” линиясынын ачылышында айтты. 
Кытай төрагасынын колдоосу менен бир катар ири долбоорлор ишке ашып жатканын белгиледи. Ошондой эле Атамбаев өлкөдөгү жол маселелери боюнча көйгөйлөр 2-3 жылдын ичинде толук бойдон чечиле турганына токтолду. 
"2-3 жылдын ичинде биз дагы жол көйгөйлөрүнөн арылабыз. Өзүңүздөр билесиздер, башка өлкөлөргө барууда чек арадан түйшүк тартып, "өтүп кетели" деп жалдырап келгенбиз. Эми алар бизге жалдырашат. Ишенип койгула, Кыргыз Республикасы келечекте ушул аймактагы өлкөлөрдүн ичинен эң өнүккөн мамлекет болуп калат. Мейли, бизде газ, нефть жок болсун, бирок биздин абдан күчтүү коомубуз бар. Биздин эл бардык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп келди, чыдамкайлыгын көрсөттү, бирок адилетсиздикке жол бербеди",- деди Атамбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан