Ысык-Көлдө жана Жалал-Абадда балык жемдерин чыгаруучу ишканаларды куруу пландалууда

Ысык-Көл облусунун Тоң, Түп райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 3 инкубациялык цех, 1,5-2 тонналык балык жемдерин чыгаруучу 3 цех куруу иштери пландалып жатат. Бул тууралуу 27-августта Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, майда чабактарды коё берүү Ысык-Көлгө 535 миң даана форелге барабар болуп, көрсөткүч 102,9 пайызга аткарылган. "Соң-Көлгө 3,1 миллион даана чабак коё берилди. Чүй облусунда 2 жана Талас облусунда 2 көлмөдө балык чарбасынын потенциалынын натыйжалуулугу үчүн гидрохимиялык изилдөө боюнча анализ жасалды. Чүй облусунун 14 көлмөсүнө паспортизация жүргүзүлдү. Мындан сырткары Чүй облусунун райондорунда көлмөлөрдү инвентаризациялоо иштери кызуу жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан