Жыл башынан бери айыл чарба долбоорлорун субсидиялоого республикалык бюджеттен 351,8 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 27-августта билдирди.
Коммерциялык банктардын берген отчёттору боюнча жыл башынан бери "Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоорун ишке ашыруунун алкагында 7803 айылдык товар өндүрүүчүгө жалпы суммасы 3 миллиард 21,7 миллион сомду түзгөн насыя берилди. Көрсөтүлгөн суммадан фермерлер мал чарбачылыгына 2,3 миллиард сом, кайра иштетүүгө, үрөнчүлүккө, асыл тукум жана айыл чарба кооперативдерине 335,5 миллион сом, багбанчылыкка 323,1 миллион сом алышты.
Коммерциялык банктардын жана адистештирилген каржы-насыялык мекемелердин фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүдөгү чыгашаларын жабуу катарында “Айыл чарбасын каржылоо-3” долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттин каражаттарынан 2015-жылы 210 миллион сом, 2016-жылы 120 миллион сом бөлүү каралууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коммерциялык банктын же адистештирилген каржы-насыялык мекеменин ар айлык насыялоо көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй коэффициенттери алынууда:
- Багбанчылык жана мал чарбачылык секторлорунун кредиттери үчүн – 10,34. Алардын бир бөлүгү 2015-жылы 6,97 эсептик коэффициенттери боюнча, экинчи бөлүгү 2016-жылы 3,37 эсептик коэффициенттери боюнча которулат;
- Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү секторунун, үрөн жана асыл тукум чарбаларынын, айыл чарба кооперативдеринин насыялары үчүн – 12,75. Алардын бир бөлүгү 2015-жылы 8,20 эсептик коэффициенттери боюнча, экинчи бөлүгү 2016-жылы 4,55 эсептик коэффициенттери боюнча которулат.