"Волга дарыясынын айланасындагы аймактан немистердин депортацияланышы - бүтүн элге каршы жасалган кылмыш, бул биздин жүрөгүбүзгө так калтырган",- деп билдирди вице-премьер-министр Валерий Диль 28-августта Бишкекте "Орусиялык немистерди эскерүү күнү" деп аталган иш-чарада.
"Мындан 74 жыл мурун 28-августта СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун буйругу чыгып, ага ылайык, Волга дарыясынын айланасындагы аймактагы немис автономиясы жоюлган. Советтер Союзунун европалык бөлүгүн байырлаган немистер күч менен Орто Азияга менен Казакстанга депортацияланган. Бир кадам менен жүз миңдеген немистердин жашоосу түп-тамырынан өзгөргөн, алар үйлөрүн биротоло таштап кетүүгө аргасыз болушкан",- деп билдирди Диль.
Вице-премьер кыйынчылыкка карабай немистер бутуна туруп кетишкенин белгиледи. "Немис диаспораларынын өкүлдөрү кыргыз өлкөсүнүн толук кандуу жарандары болушту, мамлекеттин социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө салым кошушту. Кыргыз-немис алакасын бекемдөөгө көмөктөштү",- деди өкмөт мүчөсү.