"Бишкекте террористтерди кармоого катышкан кызматкерлердин эрдигине жана кесипкөйлүгүнө өзгөчө ыраазымын. Бүгүнкү күндө мамлекетибиздин бардык жарандары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин офицерлери өз өмүрлөрүн тобокелге салып террористтерди жок кылуу менен ондогон адамдардын өмүрүн сактап калышты деген жыйынтыкка келишти",- деп билдирди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 28-августта УКМКда өткөн жыйында.
Кыргыз мамлекети эл аралык терроризмдин таасирин сезип калганын, Бишкектеги окуя террорчулардын жанданганын билдирерин айтты өкмөт өкүлү.
Мекеме кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйлөр курулуп жатканы, алардын бири быйыл сентябрда колдонууга берилери айтылды. "Кыйынчылыктарга карабай демократиялык жана экономикалык реформаларга карата кабыл алынган багыт боюнча кадам артынан кадам ташташыбыз керек. Ошондо гана өлкөнүн келечеги көрүнөт",- дейт Маматалиев.