Шаардык сот "Вечерний Бишкек" боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 28-августта "Вечерний Бишкек" гезити боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Жакында Биринчи Май райондук соту “Вечерний Бишкек” ЖАКынын Александр Кимге таандык 65 пайыз акциясын, “Рубикон” жарнамалык фирмасынын 50 пайыз акциясын доогер Александр Рябушкинге өткөрүп берүү чечимин чыгарган эле.

Рябушкин бир нече жылдык кирешесин жоготконун айтып, Александр Кимден 388 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Сот өтүнүчтү канааттандырган чечим чыгарган, бирок А.Кимдин аталган сумманы төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, Рябушкин мурунку чечимди өзгөртүп, анын ордуна Кимге таандык акцияларды алып берүүнү өтүнүп сотко кайрылган. Биринчи Май райондук соту өтүнүчтү канааттандырып, Рябушкин “Рубикон” фирмасынын толук кожоюнуна айланды.

Эскерте кетсек, "Вечерний Бишкек" гезитинин сайтынын командасы 26-августта окурмандары менен коштошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан