Кыргыз өлкөсүнүн "адилеттүү" жана бийликтен "көз карандысыз" сотторунун жардамы менен бүгүн "Вечерний Бишкек" гезити жана анын сайты толук мүлкү менен жаңы кожоюнга өттү. Ошентип, бийликке тиш кайраган же каяша айткан маалымат каражаттарын кандай тагдыр күтөрүн бийлик дагы бир ирет көрсөттү. Буга чейин "Ош ТВ" каналы да соттун "адилет" чечими менен бийликтин көзөмөлүнө өткөн.
Биз буга чейин жазгандай, эки күн мурда "Вечерний Бишкек" гезитинин сайты окурмандары менен коштошкон эле. Бүгүн ал сайтты кыска мөөнөттө популярдуулукка жеткирген жамаат жаңы сайт ачканы белгилүү болду. Сайттын аталышы
zanoza.kg экенин эске алганда, андагы маалыматтар көзүн май баскан кээ бир аткаминерлерди сыздаткан тикенек болуп сайылат сыягы.