Басылмалардын бири Өмүрбек Текебаевдин чыдамкайлыгына баа берип, анын "душмандарын" атады

"Чейрек кылымдан бери саясатта жүргөн адамдын досторуна караганда душмандары көп болорун турмуш далилдеди",- деп жазды "Ачык сөз" басылмасы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тууралуу макаласында. Кыргыз өлкөсүндө татаал жолду майышпай басып өткөн саналуу гана саясатчы бар болсо, анын бири Текебаев экени айтылат. Бул саясатчынын 1 маселени кароодо 4 вариант даярдаган кыраакылыгы жекеме-жеке чыкканда атаандаштарын утуп чыгууга мүмкүндүк берери белгиленет.
"Ооба, азыр Текебаевдин досторуна караганда душмандары көп. Бакиев учурунда ошол кездеги президенттик аппараттын башчысы Үсөн Сыдыков менен катуу кармашып, акырында спикерлик кызматтан кетирилген. Экинчи революциядан кийин парламентке келген Текебаев баарынан мурда Ахматбек Келдибековду капталдан сүзүп жыкты. Андан кийин бир аттын айынан өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду капталга сокту, аны да жыгылтты. "Сенин ресурсуң түгөндү" деп Жантөрө Сатыбалдиевди көчөгө кууп чыкты. Айта берсе тизме узун",- деп айтылган макалада Текебаевдин "душмандары" катары Зарылбек Рысалиев, Исхак Пирматов, Карганбек Самаков, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, Жылдыз Жолдошова белгиленет.
Булардын баары "Ата Мекендин" лидерин болушунча жамандап, үстүнө жугунду куюп келе жатканы айтылып, "мындай каралоолорго чыдап келаткан Текебаев азамат" деп жыйынтыкталат макала.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан