Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 аскер адамына үй берилет

Бүгүн, 29-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында Мамлекеттик чек ара кызматынын 2026-аскер бөлүгүнүн 20 аскер адамына үй берилет. Салтанаттуу иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев катышат. 20 үй-бүлөгө ылайыкталган эки кабаттуу имарат республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Анын курулуш иштери 2014-жылдын февраль айында башталып, ушул жылдын 10-августунда эксплуатацияга берилген. 2 секциядан турган 20 үйдүн 16сы 1 бөлмөлүү, калганы 2 бөлмөлүү. Имараттын сметалык баасы 39217,4 миң сомду түздү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан