28-августта өкмөттүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндɵ "Кыргыз Республикасындагы улуттук холдинг компаниялары жɵнүндɵ", ошондой эле "Акционердик коомдор жɵнүндɵ" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган мыйзам долбоору мамлекеттик экономика секторун башкаруу тутумун кардиналдуу түрдɵ карап чыгуу алкагында кабыл алынган.
Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, учурдагы мамлекеттик мүлктү башкаруу тутуму тɵмɵнкү натыйжалуулугу жана мамлекеттик активдерди пайдалануудан түшкɵн кирешелерди жогорулатууга кызыкдар болгон менчик ээси болгон мамлекеттин функциясы аралык ички карама-каршылыктын орун алуусу менен мүнɵздɵлɵт.
"Үстүбүздɵгү жылдын 5-июлунда мамлекеттик мүлктү башкаруу тутумун реформалоо концепциясы кабыл алынган. Биздин экономика мамлекеттин колундагы активдерди натыйжасыз пайдалануудан жана алар мамлекеттин казынасына түшпөстөн, айрым чиновниктердин жана кызматтык адамдардын кызыкчылыгына багытталуусунан чоң ресурстардан куру жалак калууда",- деди Олег Панкратов.
Кабыл алынган мыйзам долбооруна ылайык, улуттук холдинг компаниясынын иштеши, эң ириде административдик башкаруу ыкмасынан корпоративдик ыкмага өтүүгө, чечимдерди кабыл алуу ыкчамдыгын жогорулатууга, финансылык каражаттардын ички жана тышкы агымын оптималдаштырууга, ошондой эле коммерциялык ишмердүүлүккɵ саясаттын киришүү тобокелдигин жоюуга мүмкүндүк берет.