Сариев: “Коррупцияга каршы күрөштө эч кимге аёо болбойт”

“Коррупцияга каршы күрөштө эч кимге аёо болбойт”,- деди өкмөт башчы Темир Сариев. Ал бул боюнча мамлекеттик органдардын 2015-2017-жылдарга коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруунун жүрүшүн талкуулаган өкмөттүн жыйынында билдирди. 

Премьер-министрдин айтымында, мыйзамдарды антикоррупциялык анализден өткөрүү формалдуу мүнөздө болуп, мамлекеттик органдар пассивдүү болууда. Коррупцияга каршы кабыл алынган документтердин аткарылышы көп учурда сапатсыз жүрүүдө. Буга байланыштуу Темир Сариев ишти күчөтүп, иштелип чыккан документтердин коррупцияга каршы экспертизасын өкмөттүн аппаратына өткөрүүнү сунуштады. Муну менен катар коррупция тобокелчилиги жогору деп саналган кызматтардын тизмесин түзүү боюнча иши кечеңдеп жатканын билдирди.

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Башкы прокуратура, ИИМ жана Каржы полициясынын жаш кызматкерлеринин алдында токтоп турган машиналарды карагылачы. Тилекке каршы, бизде тобокелчилиги жогору деп саналган кызматтардын тизмеси иштелип чыккан эмес. Муну колго алуу керек. Акыркы жылдары мамлекеттик кызматта туруп, жоопкерчилик, уят деген түшүнүктөр жок болуп баратат”,- деди Темир Сариев.

Премьер-министр учурда өлкөдө коррупцияга каршы күрөш толук кандуу жүрүп жатканын белгилеп, анын жүрүшүндө эч кимге аёо болбой турганын эскертти. Ошондой эле Темир Сариев Коррупцияга каршы коомдук кеңеш түзүлүп, анын катарына жарандык коомдун өкүлдөрү киришерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан